Мындай билдирүү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сайтында жарыяланды. Азыр аталган уюмга төрагалык кылып жаткан Канат Саудабаев адам курмандыгына алып келген Кыргызстандын түштүгүндө болуп жаткан башаламандыкка тынчсыздануусун билдирип, баардык тараптарды зомбулуктан алыс болууга жана көйгөйлөрдү диалог, өз ара түшүнүшүү жолу менен чечүүгө чакырды. Мындан тышкары К. Саудабаев ЕККУ, анын ичинде уюмдун Бишкек жана Оштогу аймактык кеңселери Кыргызстандагы кырдаалды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү улантууга даяр экендигин кошумчалаган.(КЕ)