Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Пакистанда козголоңчулар дале тыйпыл боло элек


Пакистандын түндүк батышында салгылашууда өкмөт 10 аскеринен ажырады, 40тай согушчанды жок кылды. Айыгышкан салгылаш Ооганстандын чек арасына жакын Бажур аймагында болгон. Пакистан армиясы буга чейин эки ирет бул аймакта согушчандар тыйпыл кылынганын жарыялаган. Аскерий жетекчилик согушчандар өкмөттүк күчтөргө катуу каршылык көрсөткөнүн, жоокерлерди тарткан бир нече машине буктурмага кабылганын да билдирди.

Жергиликтүү өкмөттүн өкүлү Ыкбал Каттак урушта 36 согушчан өлтүрүлгөнүн тастыктады.

XS
SM
MD
LG