Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Тажикстан Кыргызстандан түшүндүрмө талап кылууда


"Азаттыктын" тажик кызматы билдиргендей, Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнө кат жолдоп, Түштүк Кыргызстандагы тополоңго тажиктердин катышы бар деген маалымат каражаттарындагы кабарларга түшүндүрмө сурады. Мындай маалыматты Орусиянын Итар-Тасс агенттиги Кыргызстандын Коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары, Жалал-Абаттын коменданты Кубат Байболовго шилтеме берип кабарлаган. Бирок Байболов "Азаттыкка" мындай маалымат бербегенин бышыктады. Ошондой эле "Эхо Москвы" үналгысынын кабарчысы Аркадий Дубнов Тажикстандагы ички согуштун катышуучулары Москвадагы тажик элчилиги аркылуу Кыргызстанга жиберилгендигин жазган. Тажикстандын тышкы иштер министрлиги бул маалыматты негизсиз деп четке кагып, кыргыз өкмөтү да мындай ырастоолорду жокко чыгарат деген үмүтүн билдирди.

XS
SM
MD
LG