Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Шектүү делген мурдагы милиция кызматкери кармалды


Кара-Суу районундагы Нариман айылында баш аламандыктарды уюштурган деген шек менен Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын мурдагы кызматкери Жахонгир Умаржанов кармалды. Бул тууралуу Уюушкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча жетекчиси Алмаз Эргешбаев билдирет.

Анын айтымында, Жахонгир Умаржанов күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде кармалган. Ж.Умаржанов үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталуудагы көптөгөн ок-дарылар, ар башка маркадагы үч мылтык табылган. Учурда табылган курал-жарактардын колдонуп-колдонулбаганын аныктоо үчүн соттук-баллистикалык иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Ушул тапта баш аламандыктар учурунда жумушка чыкпай койгон бардык тартип коргоо органдарынын кызматкерлери текшерүүгө алынууда. А.Эргешбаевдин айтымында, убактылуу кармоочу жайга отургузулган Ж.Умаржанов ушул жылдын 10-25-июнь аралыгында жумушка чыкпай койгону үчүн кызматтан бошотулган болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG