Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Башкы прокурордун алмашуусуна А.Бекназаров каршы


Бүгүн “Азаттыктын” суроосуна жооп берген вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров башкы прокурор Байтемир Ибраевдин кызматтан алынышы тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, башкы прокурор Б.Ибраевдин кызматтан алынышы “шайлоонун шайтан оюндары” болуп саналат. А.Бекназаровдин пикиринде, кайсы бир таасирлүү партияга башкы прокурорду алмаштыруу керек болгон жана алардын талабын президент Р.Отунбаева аткарып берди.

Ошондой эле А.Бекназаровдун айтымында, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду кызматтан алуу аракеттеринен кийин ал Р.Отунбаева менен кадр маселесинде кеңешип иш кылуу, шайлоо учурунда кадрдык алмашууларды жасабай туруу боюнча сүйлөшүшкөн. Бирок бүгүн Р.Отунбаева аны менен кеңешпей туруп сот-прокуратура тармагында кадрдык алмашууларды жасады. Буга байланыштуу А.Бекназаров президент Р.Отунбаева түштүктөн келгенден кийин аны менен жолугушарын, бул маселени көтөрөрүн билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG