Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Элдик кошуундарды СДП мүчөсү жетектемей болду


Бүгүн Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 18 элдик кошуундун өкүлдөрү курултай өткөрүп, бардык элдик кошуундарды бириктирген Элдик кошуундар кеңешин түзүштү. Элдик кошуундар кеңешинин төрагалыгына “Патриот” элдик кошуунунун жетекчиси, Социал-демократтар партиясынын тизмесинде онунчу болуп шайлоого бараткан Данияр Тербишалиев шайланды.

Курултай учурунда эгер өлкөдө баш аламандыктар баштала турган болсо, Элдик кошуундар кеңеши тартипти орнотуу жана жарандардын коопсуздугун коргоого чыгары тууралуу документке кол коюлду.

Ошондой эле алар Элдик кошуундар кеңешинин макамын аныктап, аларды мыйзамдаштырууну суранып, президент Роза Отунбаевага кат жолдошту. (IJz)

XS
SM
MD
LG