Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

500 тонна сапатсыз томат пастасы алынды


Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, темир жол аркылуу келген 9 вагон томат пастасынын мөөнөтү эчак өтүп кеткени аныкталган. Кытайда өндүрүлгөн “HONDI” деп аталган томат пастасын пайдалануу мөөнөтү 2009-жылы май айында бүткөн. Маалыматта айтылгандай, документтери боюнча жүк Араб Эмираттарынан Бишкектеги фирмалардын бирине жөнөтүлгөн. Адам өмүрүнө кооптуу азыктар жүктөлгөн вагондор толугу менен камакка алынды.

УКК кызматкерлери тарабынан ушундай эле сапаттагы дагы 7 вагон жүк жолдо Кыргызстанга келе жатканы аныкталды. Коопсуздук кызматы маалымдагандай, учурда бул сапатсыз азыкты өлкөдөн чыгаруу же жок кылуу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүүсү ыктымал.(ZKo)

XS
SM
MD
LG