Жогорку Соттун коллегиясы Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку штаб башчысы Данияр Дунгановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызын карап, аны канааттандырган жок. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. Д. Дунгановго 7-апрелде мурунку бийликтин башкаруу режимине каршы чыккан куралсыз элге ок аткан деген айып тагылып, Улуттук коопсуздук кызматы камакка алган. (EBM)