Жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар оппозицияга жана маалымат каражаттарында каяша пикир билдиргендерге кысым улам күчөп жаткандыгын айтып келатышат. Укук коргоочу Хюман Райтс Уотч уюму Азербайжандын өкмөтүн өлкөдөгү чакан оппозициячыл прессанын мүчөлөрүн куугунтуктап жатат деп айыптаган. Оппозиция шайлоо бурмалоолор менен өтөт деп эсептейт. Президент Илхам Алиевдин "Жаңы Азербайжан" партиясы кайра жеңип чыгаары күтүлүүдө.