Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Россиянын өкмөт башчысы Германияга келди


Владимир Путин Берлинде немец канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Андан соң "Зюддойче цайтунг" гезитинин экономикалык форумуна катышат. Путин бул гезитте жарыялаган макаласында Лиссабондон Владивостокко чейинки аймакта "экономикалык шайкеш коомчулук", ал эми келечекте эркин соода аймагын түзүүнү сунуш кылган эле. Меркел бул идеяны айрым бир шарттар менен колдоого алды. Немец канцлери адегенде Россия соода-сатыкты либералдаштырууга даяр экенин көрсөтүүгө тийиш жана Бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна кириши керек деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG