Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Х. Клинтон: WikiLeaks “эл аралык коомчулукка каршы чабуул” жасады


АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон WikiLeaks интернет сайтынын дипломаттык жашыруун материалдарды жарыялоосун “эл аралык коомчулукка каршы чабуул” деп атады:

- Кошмо Штаттар купуя маалыматтарды мыйзамсыз жарыялоону катуу айыптайт. Бул адамдардын өмүрүн тобокелге салат, биздин өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратат жана биздин башка өлкөлөр менен чогуу чечүүчү проблемаларды оорлотот.

Ак Үй өкүлү Роберт Гиббс АКШ бийликтери WikiLeaks сайты жашыруун документтерди жарыялоосуна байланыштуу бир катар чараларды көрөрүн жана аларды кантип алганын аныктоо үчүн кылмыш ишин ачылганын билдирди.

Жекшемби күнү WikiLeaks сайты АКШга таандык 250 миңден ашуун ар кандай деңгээлдеги дипломатык жашыруун документтерди жарыялаган.

XS
SM
MD
LG