Жыйында сөз сүйлөп, Россиянын президенти Дмитрий Медведев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өзүнүн көрөңгөсүн түгөттү жана жаңыланууга муктаж деп билдирди. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Евразия коопсуздук системасын түзүүгө чакырды. Германиянын канцлери Ангела Меркел уюмга жаңжалдарды чечүүнүн инструменттери жетпей жатканын белгиледи. Жыйынга уюмга кирген 56 өлкөнүн жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү катышууда.