Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Өмүрбек Бабанов бардык фракция башчыларын жыйынга чакырды


Коалиция түзүү милдети тапшырылган “Республика” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештеги бардык фракция жетекчилери менен сүйлөшүп, аларды бүгүн түштөн кийинге жумушчу кеңешмеге чакырды. “Республика” партиясынын маалымат кызматы билдиргендей, кеңешмеде коалиция түзүүнүн шарттары жана принциптери талкууланмакчы. Буга чейин “Республика” партиясы кеңири коалиция түзүүнү сунуштап келген болчу.

Алгач коалиция түзүү милдети Социал-демократтар партиясына тапшырылып, коалициялык келишим боюнча төрагалыкка көрсөтүлгөн Өмүрбек Текебаевдин талапкерлиги өтпөй калгандан кийин КСДП лидери Алмазбек Атамбаев коалиция түзө албаганын жарыялаган. Эми 15 жумушчу күн ичинде “Республика” фракциясы да коалиция түзө албаса, анда бардык фракциялар дагы бир жолу өз алдынча биригүүгө аракет кылышат. Ал аракет да ишке ашпаса президент Жогорку Кеңешти таркатып, жаңы шайлоо белгилейт. (IJz)

XS
SM
MD
LG