Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

ЕККУ полиция кеңешчилери Кыргызстанга жаңы жылдан кийин келет


ИИМдин укук жана кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Шамшыбек Мамыровдун бүгүн журналисттерге билдиргени боюнча, жалпысынан 30 полиция кеңешчиси келери күтүлүүдө. Анын айтымында, ар бир облуста жана Бишкек, Ош шаарларында экиден пилоттук аймак түзүлгөн. Бул аймактарда ЕККУ полициячыларынын коомдук кабылдамалары болот, алар менен бейөкмөт жана коомдук уюмдар кызматташа алышат. ЕККУ полиция кеңешчилери кылмыш иштерин иликтебейт, эл менен жолукпайт, алар болгону адистик кеңештери жана жардамдары менен гана бөлүшөт, ошондой эле адам укуктары, улуттар аралык мамиле менен иштөө дагы ЕККУ полициячыларынын милдетине кирет.

ЕККУ түштүктөгү июнь коогалаңынан кийин тартип коргоо органдардын ишине байкоо салуу үчүн өзүнүн 52 полиция кеңешчисин Кыргызстанга жөнөтүүнү чечкен. Бул коомчулукта олуттуу нааразылыктарды жараткан. Түштүктө ЕККУ полициячыларына каршы атайын коомдук уюмдар түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG