Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

АКШ Кыргызстанга авиакеросин үчүн акциз салыгын төлөбөйт


Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ларри Маммот “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Маммот мырзанын айтымында, 2001-жылы АКШ базасын Кыргызстанга жайгаштырардан мурун түзүлгөн келишимде "АКШ эч кандай салыктарды төлөбөйт" деп айтылган. “Бул база транзиттик борбор болуп калгандан бери АКШ өкмөтү кыргыз өкмөтүнө 60 млн. доллар өлчөмүндөгү каражат төлөйт жана кандайдыр бир салыктар болсо ушул сумманын ичине кирет. Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө АКШнын бардык базалары жайгаштырылган өлкөлөрдө шарттар ушундай. Эгерде Кыргызстанда мындай салык киргизиле турган болсо, анда башка өлкөлөр да АКШнын базаларына салык киргизебиз деп чыгышы мүмкүн”,-деп билдирди Л. Маммотт.

11-январь күнү "Ата Мекен" фракциясы өзүнүн жыйынында реактивдүү отун, же учактар үчүн күйүүчү майларга акциздик салык киргизүү демилгесин көтөрүп чыккан болчу. (ES)

XS
SM
MD
LG