Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Петровка чатагы боюнча Сапар Аргынбаевдин доо арызы четке кагылды


Бүгүн Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту “Болуш” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Сапар Аргынбаевдин ички иштер министринин мурунку орун басары Талантбек Исаевге каршы доо арызын четке какты. С. Аргынбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, Т. Исаев аны Петровка жаңжалын уюштурган деп негизсиз каматкан, ошондуктан сотко андан 5 миллион сом өндүрүп алуу үчүн кайрылган. Укук коргоочу эми соттун жогорку баскычтарына кайрыла турганын билдирди. Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге байланыштуу ушундай эле мазмундагы арызды Бишкектеги Биринчи май райондук соту 25-январда карамакчы.

2009-жылы 26-апрелде Чүйдөгү Петровка айылынын тургундары күрт улутундагы тургун 4 жашар кызды зордуктаганына нааразы болуп айылдагы күрт тектүү адамдардын үйлөрүн талкалашкан. Бул окуяга күнөөлүү делип, ошол кезде оппозициядагы “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, укук коргоочулар Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов камалган. Соттук териштирүү бир жылга чукул убакытка созулуп, мамлекеттик айыптоочу аларды 8 жылга эркинен ажыратууну суранган. Камалгандар апрель ыңкылабынан кийин толугу менен акталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG