Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Ош - Баткен - Исфана жолундагы кырсыктардын алды алынат


Чукул кырдаалдар министри Болотбек Борбиев 15-январда Баткенде иш сапар менен болду. Иш сапарынын жүрүшүндө облус губернатору Султанбаев Айжигитов менен жолугушуп, аймактагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат алды. С. Айжигитов жаңы курулуп жаткан Ош - Баткен - Исфана жолундагы кырсыктардын алдын алуу үчүн аталган министрликтин мониторинг кызматын атайын чалгындоо иштерин жүргүзүп берүүнү өтүндү. Министр Б. Борбиев бул иштерди 15 күндүн аралыгында бүткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG