Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Коргоо кеңешинин катчысы дайындалды


Өлкө президенти Роза Отунбаеванын жардыгы менен күч түзүмдөрүн координациялоо боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановго Коргоо кеңешинин катчысынын милдети жүктөлдү. Мындан сырткары президенттин дагы бир жардыгы менен Президенттин аппаратынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев аталган кеңештин катчысынын орун басарынын милдетин аткара турган болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Кечээ президент Роза Отунбаева “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндөгү” жардыкка кол койгон. Ага ылайык, Коопсуздук кеңеши жоюлуп Коргоо кеңеши түзүлгөнү кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG