Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, ушул тапта Чүй суусунун нугун калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. 20-январда Чүй суусунда муз катмарлары пайда болуп, суунун агуу нугу сол жээкти көздөй бурулган. Натыйжада Бишкек-Торугарт унаа жолунун 77-чакырымында жолдун боюна жакын, узундугу 500 метр жерди суу каптап кеткен. Жолду калыбына келтирүү үчүн Чүй облустук Жолду эксплуатациялоо мекемесинин жамааты иш алып барууда. (KKs)