Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

“Кабар” агенттигинин журналисттери иштей баштады


Аталган агенттиктин кыргыз кызматынын кабарчысы Мээрим Ибраеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаров иш таштаган жамаат менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Натыйжада журналисттердин талаптары эске алынаарын билдирип, ишти улантууга чакырды. Мындан улам журналисттер дүйшөмбү күнгө чейин ишти улантууну чечишти. Өз кезегинде журналисттер белгиленген мөөнөткө чейин алардын талаптары аткарылбаса башка чараларга бараарын эскертишти.

Бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинин журналисттери жетекчи Жыргалбек Турдукожоев менен иштеше албай тургандыктарын айтышып, иш ташташкан. Алар жетекчи айрым негизсиз чектөөлөрдү коюп келгенин билдиришип, анын кызматтан алынуусун талап кылышкан. Жыргалбек Турдукожоев болсо журналисттер мындай дооматтарын четке кагууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG