21-январда Кытайдын Кызыл-Суу автономиялык облусунун 6 кишиден турган делегациясы Нарын облусунда болушту. Кызыл-Суу облусунун губернаторунун орун басары Лый Жы Сын, аталган облустун эл өкмөтүнүн баш катчысы Султан Тайыр баштаган топ негизинен экономикалык багыттагы кызматташууга кызыкдар болушту. Кызылсуулуктар өздөрү керектеген көмүрдүн 95 пайызын миң чакырым алыс турган Турпан, Ак-Суу райондорунан тартып келе тургандыктарын айтышып, Нарындагы көмүр жана темир кендерин чогуу иштетүү маселесин көтөрүштү. Нарындыктар кытайлыктар менен мал чарбасынын продукциясын кайра иштетүү, жеңил өнөр жайын жандандыруу, тоо кендерин иштетүү боюнча алака түзсө болоорун сунушташты. Конокторду облус губернаторунун орун басары Сабырбек Сардарбеков кабыл алды. Андан соң кытайлык топ Бишкекке сапар алды. (JI)