Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Эркин күрөш боюнча Кыргызстан дүйнөнүн мыкты он командасынын катарына кирди


Бул туурасында “Азаттыкка” Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди. Эл аралык эркин күрөш федерациясы Кыргызстанды дүйнө кубогуна катышуу үчүн расмий чакырды. Спорттун бул түрү боюнча дүйнө кубогу 12-мартта Орусиянын Махачкала шаарында өтөт. Ага Орусия, Азербайджан, Куба, Иран, Грузия, Болгария, Венгрия, Украина, Кыргызстан жана Өзбекстандын тандалма командалары катышат.(AzK)

XS
SM
MD
LG