Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

“Газпром Нефть Азия” күйүүчү майлардын баасын арзандатууда


“Газпром Нефть Азия” жоопкерчилиги чектелген коому күйүүчү майлардын бардык түрүнүн баасын бир жарым сомго төмөндөттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган коомдун Маркетинг жана жарнак бөлүмүнүн башкы адиси Сабир Өмүров кабарлады. Баалар Орусиянын Кыргызстанга келе турган күйүүчү майларга болгон бажы төлөмдөрүн алып салганына байланыштуу ылдыйлап жатат. Маалыматка ылайык, “Газпром Нефть Азиянын” күйүүчү майлары Кыргызстандын бардык аймактарында арзандады. (KKs)

XS
SM
MD
LG