Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

“Азиадага” Кыргызстандан 52 спортчу барат


Казакстандын Астана шаарында боло турган VII кышкы Азия оюндарына Кыргызстандык делегациянын курамына 83 адам кирди. Алардын ичинен 52си спортчулар. Калгандары расмий бийлик өкүлдөрү, машыктыруучулар, дарыгерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү. Дене тарбия жана спорт агенттигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, кыргызстандык спортчулар биатлон, хоккей, лыжа өндүү спорттун беш түрү боюнча күч сынашат. Кышкы Азия оюндарына катышуу үчүн Кыргызстан 3 миллион сом сарптады. (KKs)

XS
SM
MD
LG