Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Калктын колундагы 760 курал-жарак кайтарыла элек


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева Ысык-Көлдө 5-февралда өткөн Коргоо кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу маселесин талкуулаган жыйында билдирди. Анын айтымында, акыркы окуялар маалында көп сандаган курал-жарак калктын колуна тийип калып, кылмыштуу элементтердин активдешүүсү байкалууда. Кабыл алынган чаралардын натыйжасында күч структураларынан уурдалган жана жоголгон 1177 куралдын 417си гана кайра кайтарылган. Дагы 760 куралдын дайыны белгисиз. “Мындай сандагы курал-жарактардын элдин колунда калышы аларды колдонуу ыктымалдыгын көбөйтпөй койбойт. Соңку жылдары ок атуучу курал-жарактарды колдонуу менен жасалган кылмыштардын саны өскөн”,-деди Роза Отунбаева.

XS
SM
MD
LG