Бул тууралуу макулдашуу саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков менен Бүткүл дүйнөлүк банктын саламаттыкты сактоо тармагын колдоо долбоорунун (SWAP) өкүлү Недим Яганц менен жолугушкан учурда кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Света Байтикова тастыктады. Анын айтымында, бул каражат Ош облусунда перинаталдык төрөт борборун ачууга, эне, бала өлүмүн кыскартуу, психикалык ооруканалардын шартын жакшыртуугу жана аз кандуулукту алдын алууга жумшалмакчы.
2006-2010-жылдар аралыгында аталган долбоор аркылуу Дүйнөлүк банк Кыргызстан саламаттыкты сактоо тармагына 63 млн. доллардан ашуун каражат бөлгөн. (КЕ)
2006-2010-жылдар аралыгында аталган долбоор аркылуу Дүйнөлүк банк Кыргызстан саламаттыкты сактоо тармагына 63 млн. доллардан ашуун каражат бөлгөн. (КЕ)