Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

Жер көчкү коркунучу бар аймактын тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” кабарлашынча, 7-февралдагы иликтөөнүн натыйжасында Ош облусунун Алай районуна караштуу Будалык айылында жер көчкү коркунучу бар аймак катталган. Будалык айылындагы Чап-Жылга жылгасынан эски жарака чоңоюп, көчкүнүн активдешүүсү байкалган. Министрликтин иликтөө департаментинин сунушу менен ал жердеги төрт үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү. Учурда жеринде изилдөө жана түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бекиловдун айтымында, ушул эле күнү кечки саат бештер чамасында аталган райондогу Гүлчө-Будалык унаа жолунун 4-чакырымында, болжол менен 4500м³ түзгөн жер көчкү түшкөн. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG