Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу иши жанданышы мүмкүн


Бул маселе учурда "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 12-жыйынында каралууда. Мындан сырткары жыйында энергетика, мунай, газ, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, бажы, билим берүү жана илим, миграция, банк, туризм багытында кызматташуу маселелери каралууда. Ири экономикалык долбоор катары Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну улантуу, бул багытта биргелешкен ишкананын ишин жандандыруу маселеси каралууда. Ошондой эле кыргыз-орус ишкерлер кеңеши түзүлөрү да айтылды. Комиссияны Кыргызстандан биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Орусия тараптан Бажы кызматынын төрагасы Андрей Белянинов жетектөөдө. Комиссия ишин 9-февралда баштаган.

2009-жылкы кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 11-отурумунун чечими боюнча орус тарап Кыргызстанга 150 миллион доллар грант, 300 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлгөн жана тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну макулдашкан. Орус тарап ГЭСтин курулушу үчүн 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлүүгө убада кылган. Кыргыз тарап бул үчүн "Манастагы" АКШнын аскердик базасын чыгарарын Москвада жарыялаган. Бирок ал аткарылбай, натыйжада Камбар-Ата-1 ГЭСин курулушуна арналган долбоор токтоп калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG