Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Араб дүйнөсүн ыңкылап аралады


Бизди жазаласаңар дагы токтобойбуз! 11-феврал, 2011-ж.
Бизди жазаласаңар дагы токтобойбуз! 11-феврал, 2011-ж.

Египет менен Тунистеги элдик көтөрүлүштөр араб чөлкөмүндөгү башка өлкөлөрдү дагы шыктандырууда.

Алжир, Йеменде бийликке каршы массалык митингдер өтүүдө. Марокко менен Сирияда оппозиция элди көчөгө чыгууга үндөөдө. Ал тургай ыңкылаптын эпкини жердин «бейишиндей» Бахрейнге чейин жетти.


Просмотреть увеличенную карту


Алжирдин баш калаасы Алжир шаарында миңдеген адамдар бийликтин тыюсуна карабай көчөгө чыгып, башкаруучу режимге талаптарды койду. 21 жылдан бери бийликтен жылбай отурган "президент Абдел Азиз Бутефлика кетсин!", деген талаптын эң башкысы. Полиция өлкөдөгү чукул кырдаал мыйзамына таянып адамдарды кууп таратуу чарасын көрдү.

Араб чөлкөмүнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Алжирде эки он жылдан ашуун мезгилден бери чукул кырдаал мыйзамы такай өкүм сүрөт. Өткөн жумада нааразылыкка чыккандардын сүрүнөн чочуган президент Бутефлика ал мыйзамды жакын арада алып салууга убада берген.

"Али Абдаллах Салех кетсин!"

Ишембиде Йемендин борбору Санаа шаарында миңдеген адамдар чогулуп, отуз жылдай өлкөнү башкарган президент Али Абдаллах Салехти токтоосуз бийликтен кетүүгө чакырды. Митингге чыккандар шаардын борбордук аянтына жүрүш жасаганда, бийликти колдогон таяк, бычак сыяктуу майда курал-жаракчан калың топ аларга бетме-бет чыкты.

Өткөн айда Бен Алини президенттиктен кууп түшкөн Тунис менен 30 жыл бийликти эч кимге бербеген Мубаракты алсыраткан Египеттеги элдик көтөрүлүштөрдүн эпкини Сирия менен Мароккого дагы жетти.

Йеменде нааразылыкка чыккан Ахмед Омар Каир менен Тунистеги окуялардын өз өлкөсүндө кайталануусун тилеп жатканын мындайча билдирет:

- Биздин каалаганыбыз эле өз укуктарыбызды талап кылып, анан режимди кулатуу. Биздин президент дагы Хосни Мубарак менен Тунистин президентиндей кетиши керек.


Ахмедге кошулган студент Абдурахман Абдулла Йемендин президенти калктын башындагы «балээ» экенин айтып, «Алар кетсин! Бул биринчи жана акыркы талап. Биз бардык йемендиктерди баш коштурган жаңы демократиялык мамлекет курууну каалайбыз», - деди жаны ачыгынын жашырбай.

Йемен - араб чөлкөмүндөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири, президент Салех Египет менен Тунистеги толкундоолор күчөп турган маалда 2013-жылы мөөнөтү бүткүчө гана бийликте тураарын билдирген. Элдин каары менен сүрүнөн чочуган президент оппозициялык топторду коалициялык өкмөт түзүүгө дагы чакырып жиберген. Салехтин бул аракетинен майнап чыгабы азырынча болжоо кыйын. Массалык митингдер эртең эле бүт Йеменди селдей каптап кетиши мүмкүн.

Бахрейн, Иран: ыңкылап жел аргысы

Дүйшөмбүдө араб дүйнөсүндөгү эң кичинекей мамлекет Бахрейнде падыша Хамад ал-Халифке каршы митингдер өтөөрү күтүлүп жатат. Өткөн жума күнү падышанын ар бир бахрейиндик үй бүлөгө бир миң динар (2 жарым миң АКШ доллары) акча берем дегени, тескерисинче көптөрдүн кыжырына тийип, көчөгө чыкчулардын санын арбыткан шекилдүү.

Египеттеги ыңкылаптын жел аргысы Иранда дагы байкалгандай. 1979-жылы Иран азыркы Египеттегидей элдик көтөрүлүштүн аркасында каарын чачкан исламчыл бийликти өлкө башына отургузган эле. Ирандан келген кабарларга караганда, бийликтер дүйшөмбүгө пландалган митингди болтурбоонун ар кыл аракетин көрүүдө.

Ыңкылаптын эртеңи эмне?

Элдик көтөрүлүштөн кийинки Египетте турмуш кадимки нугуна бет алгандай. Дээрлик 20 күн кайрат менен чечкиндүүлүктүн борборуна айланган Каирде кеңселер иштеп, дүкөндөр ачылып, унаалар ээн-эркин каттай баштады.

Жекшембиде түштөн кийин Тахрир аянтына эл кайрадан топтолуп, аскердик бийликтин жарандык өкмөткө тезирээк өтүшүн талап кылды. Ага улай эле кечке жуук Египеттин Жогоку аскер кеңеши парламентти таратканын жар салды.

Ошентип, Египеттеги мамлекеттик бийлик толугу менен куралдуу күчтөргө өттү. Калк күткөн, байыркы бай цивилизация менен маданияттын очогу болгон Египетти демократиялык өнүгүүгө жетелей турган жарандык бийлик качан түзүлөөрү азырынча беймаалым.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG