Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Бейөкмөт уюм түштүктү калыбына келтирүү дирекциясын жоюуга каршы


“Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясы Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу тууралуу чечимин айыптаган билдирүү таратты. Билдирүүдө аталган дирекциянын ишиндеги айрым калпыстыктарга карабай аны жоюп жиберүү жана анын милдеттерин шаар мэрлерине жүктөө маселени чечпейт деп айтылат. Коалиция анын ордуна дирекциянын каржы боюнча отчетторун ачык-айкын жүргүзүүнү, дирекция жетекчилигинин маяналарын кайрадан карап чыгууну сунуштады.

“Ата-Журт” фракциясы 9-февралда жыйынга чогулуп, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келитирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбладиевдин маалыматын уккан. Фракция жыйынында аталган дирекцияны жоюу, бул маселени парламенттин кеңейтилген отурумунда талкуулоо боюнча чечим кабыл алынган. (EBM)

XS
SM
MD
LG