Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Мамлекеттик тил боюнча комиссия төрагасы дайындалды


Президент Роза Отунбаева Рыскелди Момбековду Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагалыгына дайындоо тууралуу жардыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Аталган комиссиянын мурунку төрагасы Азимжан Ибраимов айыл-кыштактардын атын кыргызчалоо тууралуу демилге көтөрүп чыккандан кийин кызматтан алынган болчу.

Рыскелди Момбеков апрель окуяларынан кийин кыска мөөнөткө маданият министри болуп иштеген, ага чейин “Форум” гезитинин редактору эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG