Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Путиндин ысымы Кыргызстандын тоо чокусуна ыйгарылат


Кыргызстандын парламенти (Жогорку Кеңеш) бейшембиде (17-февралда) кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, орус өкмөт башчысы Владимир Путиндин ысымы Түндүк Кыргызстанда (Чүй облусунун Москва районунун аймагында) жайгашкан, бийиктиги 4446 метр келген жана мурда аты жок болгон тоо чокусуна берилет.

Кыргызстанда азыр кайсы мыйзам болбосун үч окууда кабыл алынуусу керек.

Рөйтерс маалымат агенттиги 17-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары аталган мыйзамга бир минута ичинде үч ирет добуш бергенин кабарлады.

Буга чейин (2002-жылы) Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельциндин ысымы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун аймагындагы бийиктиги 3500 метрлик тоо чокусуна ыйгарылган.

2010-жылкы ыңкылаптан кийинки кыргыз өкмөтүнүн бул демилгесин жергиликтүү коомчулуктун бир катар өкүлдөрү саясий көшөкөрлүк катары сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG