Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

Эл аралык терроризм боюнча 60тан ашык кылмыш иш козголду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, 2010-жылы эл аралык терроризм-экстремизм фактысы боюнча 60тан ашык кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө уланууда. Эл аралык террорчу уюмдардын мүчөсү деген шек менен 23 адам кармалган, 13 адамга издөө жарыяланып, үчөө жок кылынган.

Былтыр Кыргызстанга мыйзамсыз келген 176 чет өлкөлүк жаран чыгарылган. Мыйзамсыз миграциянын 7, адам аткезчилиги боюнча 3 жол буулган. Жалпысынан УКМКнын материалдары боюнча былтыр 333 кылмыш иши козголгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG