Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, бүгүн мамлекет башчы Роза Отунбаева Бишкектеги “SOS” балдар айылында болуп тарбиялануучулардын ал-абалы менен таанышты. Балдар айылынын жетекчилери менен социалдык жетимдер, мугалимдер маянасы жана жетимдерди багып алган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулады. Отунбаева Кыргызстандан сыртты көздөй иш издеп агылгандар көбөйгөнүн, алардын балдары көбүнчө багуусуз калаарын, мындай балдарга көңүл буруу керектигин билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 60тан ашуун балдар үйү бар жана анда 20 миңге жакын бала тарбияланат, алардын 80ге жакын пайызын социалдык жетимдер түзөт. (EBM)
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 60тан ашуун балдар үйү бар жана анда 20 миңге жакын бала тарбияланат, алардын 80ге жакын пайызын социалдык жетимдер түзөт. (EBM)