1-марттан 5- мартка чейин созула турган бул жумалыктын алкагында интернет колдонуучуларга блог түшүнүгү, социалдык тармактар жана веб долбоорлор тууралуу маалымат берилет. Кыргызстандагы алдыңкы интернет ресурстарынын өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшмөкчү. Иш-чаранын уюштуруучусу “Жаңы медиа институту” коомдук фондусунан “Азаттыкка” кабарлашкандай, жумалык интернет колдонуучуларынын санын көбөйтүүгө багытталган. (KKs)