Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Аскер бөлүгүндө кокустан курал атылып, бир аскер жаракат алды


Ош облусундагы 36806 номурлуу аскер бөлүгүндө согуштук куралдар турчу аянтта БМП-2 үлгүсүндөгү автоматтык пушка кокустан атылып кетип, 1987-жылы туулган ефрейтор Нуржигит Алымкулов жаракат алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Кырсык аскер техникасын колдонууда эрежелерди сактабоодон улам келип чыккан. Ушул тапта аскердик прокуратура тергөө иштерин жүргүзүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG