Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Депутаттар Өмүрбек Бабановду парламентке чакыруу сунушун айтышууда


Жогорку Кеңештин жыйында сөз сүйлөгөн бир катар депутаттар биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду парламентке чакырып, “Мегакомдун” айланасындагы акыркы кептерди тактоо сунуштарын айтып чыгышты. Мындай демилгени көтөгөн депутат Дамира Ниязалиева айтылып жаткан имиштердин чын-төгүнүн биринчи вице-премьер-министрдин өз оозунан гана угууга чакырды.

Ошол эле учурда бир катар депутаттар Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарынын Бабановдун дарегине айткан сөздөрүн көз карандысыз өлкөнүн ишине кийлигишүү катары сындап чыгышты.

9-мартта Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасы Алексей Островский жана депутат Семен Багдасаров Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов “Мегаком” компаниясын иштетип келатышкан орусиялык ишкерлерди рыноктон сүрүп чыгуу, компанияны алардан тартып алуу аракеттерине аралашып, кыргыз-орус мамилесине залакасын тийгизди деп белгилешкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG