Миграция боюнча эл аралык уюмдун жетекчи орун басары Лаура Томсон Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул маалыматты аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш сапар чек араны башкаруу, миграциялык саясат өңдүү бир топ тармактар боюнча бул эл аралык уюм менен Кыргызстан өкмөтүнүн байланышын чыңдоого багытталган. Лаура Томсон Кыргызстан өкмөтүнүн жана бейөкмөт уюмдардын бир катар өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрмөкчү. (KKs)