Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:37

Апта сайын аймактарда азык-түлүк жарманкеси өтүп турат


Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын аймактарында ар аптанын аягында азык-түлүк жана айыл чарба продуктуларынын жарманкеси өткөрүлөт. Мындай чечим негизги азык-түлүк продуктуларынын баасын кармап туруу максатында өкмөт тарабынан кабыл алынды. Натыйжада азык-түлүк өндүрүүчүлөр жана дыйкандар өз продукцияларын жарманкеге койсо болот. Маалыматка ылайык, өрөөндөрдөгү жарманкелер жергиликтүү башкаруу органдары белгилеген убакытта жана жерде өткөрүлөт. Жарманке Бишкек шаарындагы “Жал” кичирайонунда, Жумабек-Шопоков көчөлөрүндө, 12-кичирайондо уюштурулуп турмакчы. (KKs)

 

XS
SM
MD
LG