Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Бахрейнде чукул кырдаал жарыяланды


Бахрейндин падышасы өлкөдө тынчыбаган толкундоолордон улам 3 айга чукул кырдаал киргизди. Мамлекеттик сыналгы падыша Хамад бүгүнтөн тарта өкмөттүк куралдуу күчтөрдү аскердик даярдыкта турууга буйрук чыгарганын жарыялады. Чукул кырдаал киргизүү чечими дүйшөмбүдө миңден ашуун сауд аравиялык аскерлер башкаруучу суннилердин өтүнүчү боюнча Бахрейинге киргизилгенден кийин кабыл алынды.

Бахрейнден келген маалыматтарда Манамада демонстрация маалында 1 сауд аравиялык аскердин атып өлтүрүлгөндүгү айтылууда.

Бахрейнде АКШнын аскердик деңиз күчтөрүнүн чоң базасы жайгашкан. Өлкөдөгү башкаруучу суннилерге каршы нааразылык толкундоолор башталганына 2 айга чукулдады.

XS
SM
MD
LG