Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча Орусия менен келишимге кол коюлду


Орусия менен Кыргызстандын ортосунда баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Виталий Орозалиев маалымат жыйынында билдирди. Келишимдин алкагында үч жыл аралыгында Орусия Кыргызстандын Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматына алты миллион доллар бөлөөрү пландалууда. Анын бир миллион долларын Орусия ушул жылы берүүгө даяр. Бул каражат атайын шаймандарды сатып алууга, кадрларды даярдоого жана маңзаттар менен күрөшүүдө ийгилик жараткан кызматкерлерге сыйлык берүүгө жумшалмакчы. Мындан тышкары, Кыргызстанда баңги заттарын жүгүртүүгө каршы адистерди даярдаган борбор түзүү да каралууда.

16-мартта Орусиянын Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Виктор Иванов Кыргызстанга иш сапары менен келип, президент Роза Отунбаева, премьер-министр Алмаз Атамбаев жана Кыргызстандын Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Виталий Орозалиев менен жолугушкан. (ZB)

XS
SM
MD
LG