Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Кыргызстан Жапонияга гумжардам жөнөтүү алдында


Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын адиси Абдушарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, зилзаладан жабыркаган жапон элине жалпы көлөмү 6,5 тоннага, суммасы 3 миллион сомго тете гуманитардык жардам көрсөтүлөт. Чатыр, жууркан, ичүүчү таза суудан турган бул жардам бүгүн кечинде Жапониядагы кыргызстандык жарандарды алып келе турган учак менен жөнөтүлгөнү жатат. Мындан сырткары 2 миллион сом акчалай жардам берилмекчи. Гуманитардык жардамды Чукул кырдаалдар жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жетектеп барышат. Жапон элине жардам берүү чечими өкмөттүн тапшырмасынын натыйжасында, Чукул кырдаалдар министрлиги тарабынан кабыл алынды.

Тышкы иштер министри буга чейин маалымдагандай, Зилзаладан жабыркаган Жапонияда Кыргызстандын 130 чамалуу жараны бар.11-мартта Жапониянын түндүк-чыгышында күчү 9 баллга жеткен зилзала болуп, анын арты менен бир катар аймакты топон суу баскан. (KKs)

XS
SM
MD
LG