Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Журналисттин өлүмүнө байланыштуу иш тергелип бүттү


Геннадий Павлюк
Геннадий Павлюк

Казакстанда кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишти тергөө аяктады.

Казакстанда киши колдуу болгон кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу тергөөнүн корутундусу менен маркумдун жакындары таанышып келишти. Маркумдун жесири Ольга Колосованын айтымында, тергөөдө Павлюкту баалуу таштар, акча катылган сейфти ачып берүү, анын кодун айттыруу максатында Казакстанга уурдап кеткендиги тууралуу жоромол көрсөтүлгөн.

Колосова тергөөнүн мындай тыянактарына макул эмес жана ал күйөөсүн "журналисттик ишмердүүлүгү үчүн өлтүрүп кетти" деген жоромолдорго көбүрөөк ишенет.

- Бул иш боюнча кармалгандарга далилдер көп. Тергөөчүлөр "айыпталып жаткандар эч нерсе айтпай жатат" дешет. Ошондуктан алар сейфке байланыштуу жоромолду ойлоп таап, ушуга байлап жатышат. Эми бул иш сотко өтөт. Азыр тергөөнүн жыйынтыктары менен таанышуу үчүн Генанын (Геннадий Павлюк - ред.) баласы кетти. Албетте сейф боюнча айткандары болбогон кеп. Бул жерде баары эле билип турат, бул мүмкүн эмес экенин. Ал эми саясий буйрутма деген тыянак дээрлик чоң айып. Азыр бул иш боюнча кармалып тургандардын адвокаттары күчтүү. Албетте бул абдан жагымсыз жана өкүнүчтүү көрүнүш.

Павлюктун жакындарынын адвокаты, медиа эксперт Акмат Алагушев жакын арада тергөөнүн жыйынтыктары менен таанышуу үчүн Казакстанга барарын билдирди. Ал буга чейин тергөө корутундусу менен оозеки түрдө таанышып кайткан.

- Биз деле тергөөчүлөр менен сүйлөштүк. Алар "айыптоочулар көрсөтмө берүүдөн баш тартып атышат, аны кантип жазабыз" деп атышат. Эки мамлекеттин ортосунда кандай болуп кетет, эмне болот деген деле ойлору болсо керек.

Казакстандын Ички иштер министрлиги бул маалыматты азырынча тастыктай элек. Министрликтин маалымат катчысы Куанышбек Жуманов бул боюнча маалымат жоктугун кабарлады.

- Азырынча бул боюнча эч нерсе айта албайм. Ушул күндөрү майрам болуп, иш күн эмес. Муну мен тиешелүү бөлүмдөрдөн сурап, тактап берейин.

Жообунан суроосу көп иш

Ибрагим Рустамбек аттуу лакап ат менен белгилүү болгон Геннадий Павлюктун денеси 2009-жылы 16-декабрда Алматыдагы Фурманов атындагы көчөдө орун алган көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан табылган.

Журналист алтынчы кабаттан буту-колу байланган абалда ыргытылганы айтылып, кабыргалары сынып, мээси чайкалган Геннадий Павлюк ооруканада эсине келе албай жатып үзүлгөн.

Ушул үйдүн алтынчы кабатынан журналистти ыргытып жиберишкен.
Көп өтпөй, ошол эле жылы 29-декабрда Казакстандын КТК телеканалы Геннадий Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын коопсуздук кызматынын офицерлеринин тиешеси бар деген маалыматты айтып чыгышкан. Ошол эле замат Кыргызстандын күч кызматы бул маалыматтарды жокко чыгарган болчу. Кийин Казакстандын прокуратурасы журналистти өлтүргөн деп шектелген кыргызстандык жаран Алдаяр Исманкуловдун үстүнөн сот болорун жарыя кылган.

14-январда Венада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Казакстандын ЕККУдагы өкүлү Адил Ахметов да журналисттин өлүмү саясий буйрутманын натыйжасы экенин айтканы бар.

- Павлюктун өлүмү - саясий буйрутма өлүм. Журналист өзүнүн ишин гана жасап жүргөн. Кылмышка тиешелүү кыргызстандык жарандар кармалып, камакта. Албетте чаралар көрүлөт.

Найза учунда, бычак кырында

“Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев Геннадий Павлюк мурдагы бийликтин буйрутмасынын курмандыгы болгон деп эсептейт.

Өмүрбек Текебаев көрсөтмө берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 25-март, 2010-жыл
- Павлюкту өлтүрүү саясий мотивде болгону айдан ачык. Казак тергөөчүлөрүндө албетте муну тастыктаган материалдар болбогон чыгар. Бул жерде Казакстан менен Кыргызстандын коопсуздук кызматтары жакшы иштешпей жатат деп эсептейм. Павлюктун артынан аңдыган, аны уккан, анын Казакстанга барганына чейин коопсуздук кызматынын кызматкерлери көзөмөлдөп турганы маалым. Бул казак тергөөчүлөргө маалымат жетпегенинен кабар берет. Ал эми колго түшкөн адамдар албетте саясий буйрукту аткарганын моюнга албай жатышат. Буга өзгөчө кыргыз коопсуздук комитети жардам бериш керек.

Журналист менен жакын мамиледеги саясатчылар жана кесиптештери журналист өз кесибине байланыштуу киши колдуу болгонун, анткени анын мурдагы бийлик учурунда оппозициялык маанайдагы ири медиа долбоор ачуу пландары бар болгонун айтып чыгышкан.

Укук коргоочулар бул окуяны сөз эркиндигин кысуу жана бийликтин саясатын ачык-айкын сындаган адамдарга сес көрсөтүү катары баалашкан. Ал эми маркумдун жесири Павлюкту өлтүргөндөр эле эмес, ага буйрук бергендер да камалып, жооп бериш керек деген пикирден кайтпай келет.
XS
SM
MD
LG