Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Ажылык сапарга байланыштуу сот 6-апрелде башталат


Бул тууралуу Кыргызстан жана Борбор Азия мусулмандар конгресси коомдук уюмдун жетекчиси Бакыт Нурдинов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн Кубанычбек Каптагаевден доо арыздын көчүрмөсүн алды. Тараптар 6-апрелде Бишкектеги Октябрь райондук сотунда башталчу соттук териштирүүгө катышууга макулдугун билдирип документке кол коюшту. Президенттик аппараттын башчысы Эмил Каптагаевдин баласы Кубанычбек Каптагаев аны ажылык сапарды уюштуруу иштериндеги коррупцияга аралашкан деп айыптаган Бакыт Нурдиновду сотко берген. Кубанычбек Каптагаев Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинде иштейт. (EBM)

XS
SM
MD
LG