Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

БУУнун комиссары Килюнендин комиссиясынын иликтөөсүн колдоду


БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Эл аралык көз карандысыз комиссиянын былтыр июнда Кыргызстандын түштүгүндө болгон улут аралык жаңжал боюнча 3-майда жарыяланган иликтөөсүн колдоду. Жогорку Комиссар Нави Пиллай айым 4-майдагы билдирүүсүндө Кыргыз жетекчилигин Киммо Килюнен башындагы комиссиянын сунуштары боюнча тез чара көрүүгө чакырды жана президент Роза Отунбаеванын июнь коогалаңын иликтөө боюнча көз карандысыз иликтөө өткөрүү демилгесин оң баалады.

Береги комиссиянын маалыматы боюнча, калабада 470 адам набыт болуп, 1900дөй адам жараат алган, 400 миңдей адам жай которууга мажбур болгон, көптөгөн мүлк-дүйнө уурдалып тонолгон; эсепсиз аялдар зордукталган. Жана Ош менен Жалал-Абаддагы кандуу булоондо көбүн эсе өзбектер курман болгону айтылат.

XS
SM
MD
LG