Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

"Dе-факто" гезити 12-майдан тарта чыга баштайт


"Dе-факто" гезити
"Dе-факто" гезити
Бул тууралуу “Азаттыкка” гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова билдирди. Анын айтымында, гезитти мурдагы жамаат кайрадан чогулуп чыгарып жатат.

“Dе-факто" 2008-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин баласы менен соттошуп, 1 миллион сом айыпка жыгылган. Андан сырткары салык системасындагы коррупция тууралуу макала жарыялаганы үчүн Орозобековага кылмыш иши козголуп, мурдагы президенттин тушундагы төрт аткаминердин арызы менен сот гезиттин мойнуна 4 миллион сом айып таккан болчу. Орозобекова ошол жылы коопсуздуктан улам үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG