Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Мехикодо миңдеген адамдар митингге чыкты


Мексиканын баш калаасына 20 миңден ашуун киши көчөгө чыгып, наркотөбөлдөрдүн бири-бири менен ачык эле кан төгүшкөнгө чейин барып жатканына нааразы экенин билдирүүдө. Ошондой эле чогулгандар өкмөттүн маңбизнеси менен күрөшүүдө стратегиясын кайра карап чыгууну сунуштайт. Алардын айрымдарынын пикиринде, наркоишкерлерге каршы армияны колдонуу эч деле натыйжа бербей, тескерисинче кан төгүүнү көбөйтүүдө.

Мехиконун борбордук аянтындагы митинг төрт күндүк каршылык жүрүшүнүн уландысы. Каршылык иш чарасы мексикалык таанымал акын жана журналист Хавер Сисилия тарабынан уюштурулган. Анын уулу жакында эле маң зат ташыгандардын колунан өлгөн.

XS
SM
MD
LG