Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

№20 мектепте коюлган жарылуучу затка байланыштуу кароолчу кармалды


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетининин жыйынында ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев билдирди. Анын айтымында, мектепке жардыргыч затты таштады деген шек менен кароолчу кармалган. Андан мылтыктын октору жана башка темир шаймандар табылган. Министрдин орун басары жардыруучу зат айнек кесиктери жана башка заттар кошулуп консерва банкасына жасалганын, кароолчунун аты-жөнү жакын арада айтыларын билдирди. Азыр бул заттар экспертизадан өткөрүлүүдө. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

6-майда эртең менен мектептин кароолчусу короодон шектүү баштык көрүп, тартип коргоо органдарына кайрылган. Атайын кызматтын өкүлдөрү баштыкта колго жасалган жарылуучу зат бар экенин аныктап, аны зыянсыздандырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG