Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

Кытайда экспорт кайра өстү


Апрелде Кытайдан тышка товар сатуу 30 процентке жогорулап, соода балансы 11,4 миллиард доллар профицит менен бүттү. Ал эми тыштан товар сатып алуу 22 процентке өскөн. Жылдын алгычкы үч айында Кытайдын импорту 2004-жылдан бери биринчи жолу экспорттон көп болуп, дефицит 1, 02 миллиард долларды түзгөн. Жаңы жарыяланган маалыматтарга караганда, Кытайдын улуттук валютасы - юандын наркын туруктуу кармоо саясатын сындоону күчөтүшү ыктымал. Акыркы үч жылда Кытайдын тышкы соодадагы оң балансы төмөндөп бараткан. 2008-жылы профицит 295 млрд. доллар, 2009-жылы 196 млрд. доллар, а өткөн 2010-жылы 183 млрд. долларды түздү.

XS
SM
MD
LG