Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Нетаняху АКШ президентинин сунушун жактырган жок


Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны боюнча президент Барак Обама программалык сөзүндө жасаган сунушту четке какты. 1967-жылдын чек арасына кайтуу, Нетаняхунун айтымында, жөөт мамлекети үчүн катастрофа болот. Обама 19-майдагы сөзүндө, Израил 1967-жылкы Алты күндүк согушта басып алган жерлерди сүйлөшүүлөрдө такталчу айрым өзгөрүүлөр менен болочокку Палестин мамлекети ээлеши мүмкүн деген эле. Бүгүн Нетаняху Вашингтонго ырасмий сапарга келүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG